Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар менен жолукту

2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар жана Франция Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен жолукту.

Жолугушуунун максаты, SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар менен жакындан танышуу жана мындан аркы кызматташууну жакшыртуу.

Франция Республикасынын Кыргызстандагы  ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус бул компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып, компания учурда дүйнөнүн жүздөн ашык шаарында иштеп жаткандыгын жана суу ресурстарын башкаруу, айыл чарбасы тармагында ийгилик жараткан тажрыйбалуу компаниялардын сап башында тураарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап тыгыз кызматташуу туралуу сунуш-пикирлери менен бөлушүп, мындан ары иш алып баруу боюнча ойлорун билдиришти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button