Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Элчи В.Т. Живтенко айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу максатында министрди Украинага чакырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Элчи В.Т. Живтенко айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу максатында министрди Украинага чакырды

2021-жылдын 18-мартында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Украинанын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси В.Т Живтенко менен жолукту.


Жолугушууда эки тарап, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кант кызылчасын жана жүгөрүнүн, күн карама, арпа, буудайдын үрөнүн жеткирүү, айыл чарба азыктарын экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулады.


В.Т.Живтенко Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана айыл чарба продукциясынын органикалык жактан таза жана даамдуу экенинин баса белгиледи.


Ошондой эле, В.Т. Живтенко айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу максатында министрди Украинага чакырды.


Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап мындан ары айыл чарба багытында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button