Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эл аралык токой күнүнө карата Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагына 50 даана көчөт отургузулду – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Эл аралык токой күнүнө карата Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагына 50 даана көчөт отургузулду

Жер жүзүндө токойлор азайып баратканына байланыштуу, 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 21-март күнүн “Эл аралык токой күнү” деп жарыялаган. Бул күн айлана чөйрөнү жашылдандыруу иш-чараларын өткөрүү максатында белгиленген.

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Эл аралык токой күнүнө карата Бишкек шаарынын “Ден соолук” паркынын аймагында көчөт отургузуу иш-чарасын  уюштурду.

Парктын аймагына бардыгы 50 даана жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду, тактап айтканда, 35 даанасы ак чечектин жана 15 даанасы чынар теректин көчөттөрү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри А.С. Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Алтыбаева жана башка бир топ жетекчилер катышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button