1992-жылдын 22-декабрында, Бразилия мамлекетинин борбору Рио-де-Жанейродо Бириккен улуттар уюму адамзатты жер шаарындагы таза сууну үнөмдөөгө, сактоого, көнүл буруу үчүн жана алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча өткөргөн конференциясынын жыйынтыгында, 22-март Бүткүл дүйнөлүк суу күнү деп белгилеген. Ошол жылдан тарта бул күн бардык улуттар арасында өзгөчө белгиленип, суу ресурстарын коргоо жана жакшыртуу иштери жүрүүдө.
2021-жылдын 22-мартында, министр Аскарбек Джаныбеков Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстар мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерин Бүткүл дүйнөлүк суу күнү менен куттуктады.