Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер ресурстары кызматы өз кызматтарын онлайн режиминде көрсөтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жер ресурстары кызматы өз кызматтарын онлайн режиминде көрсөтөт


Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдар үчүн сервистерди берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” МИнин ортосунда макулдашууга кол койду.
“Түндүк” порталында Кыймылсыз мүлк объекттери жана аларга болгон укуктар боюнча маалыматтарды берүү боюнча 76га жакын веб-сервистер, ошондой эле даректик маалыматтар иштелип чыккан жана жарыяланган.
Ага 19 министрлик жана ведомстволор кошулду:

  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы,
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы,
  • Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору ” мамлекеттик ишканасы,
  • Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети,
  • КР Ички иштер министрлиги,
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги,
  • “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому,
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти,
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду,
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд,
  • Юстиция Министрлиги,
  • Улуттук статистика комитети,
  • Социалдык фонд,
  • Коргоо министрлиги,
  • Каржы полициясы,
  • “Бир ТОП “Микрокредиттик компаниясы”жоопкерчилиги чектелген коому,
  • “Айыл Банк” ААК,
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
    Ошондой эле, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жарандарга кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бар экендиги/жоктугу жөнүндө маалыматты булут ЭЦК (электрондук санариптик мөөр) же биометрикалык трех-паспорт аркылуу идентификациялоо аркылуу берүү үчүн веб-сервис иштелип чыккан. Бул учурда, маалымат акысыз берилет.
    Ошондой эле акы төлөнүүчү кызматтарды жарыялоо боюнча иштер жүргүзүлдү:
  • Кыймылсыз мүлк объектисине укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө;
  • Кыймылсыз мүлк объектисинин техникалык параметрлери;
  • Кыймылсыз мүлк объектисине болгон укуктардын жана чектөөлөрдүн тарыхы.
Show More
Back to top button