Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Казахстан Республикасынан 1,0 миң тонна “Карабалык-20” сортунун элита репродукциясындагы жаздык буудайдын сертификатталган үрөнү келет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Казахстан Республикасынан 1,0 миң тонна “Карабалык-20” сортунун элита репродукциясындагы жаздык буудайдын сертификатталган үрөнү келет

Калкыбыздын унга болгон керектөөсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу өкмөттөр аралык кызматташтыктын комиссиясынын келишимдерине ылайык, Казахстан Республикасынан 1,0 миң тонна “Карабалык-20” сортунун элита репродукциясындагы жаздык буудайдын сертификатталган үрөнү темир жол аркылуу келет.

Учурда буудай үрөндөрү 50,0 кг капка толтурулуп вагондорго толук жүктөлүп, биринчи партиясы ушул жылдын 2- мартына чейин Кыргыз Республикасынын ӨКМ МРФна караштуу «Карасуу-Дан-Азык», Жалал-Абадтагы «Азрат-Айыб» ААК, Кара-Балта «Дан» мамлекеттик ишканасына жана Бишкек борбордук базасына жана Балыкчы шаарына келүүсү күтүлүдө.

Аталган буудайдын жаңы сорту кургакчылыкка ылайыкталып баасы-45,3 сомдон, “Айыл Банк” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) аркылуу үрөнчүлүк чарбаларга жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө 4,5 пайыздык чен менен мурунку алган насыясына карбастан, 300 миң сомго чейин күрөсүз эки жылдык мөөнөт менен берилет.

Show More
Back to top button