Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалы ишин баштады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалы ишин баштады

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жаңы имарат курулгандан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалы ишин баштады.

«Кадастр» мамлекеттик мекемеси Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын жаңы имаратынын курулушун жүргүздү.

Ошондой эле жумушка керектүү жабдуулар – компьютерлер, принтерлер жана керектелүүчү материалдар сатылып алынган. Филиал өз ишин баштады жана кыймылсыз мүлккө жана жерге укуктарды каттоо маселелери боюнча жарандарды активдүү кабыл алууда.

Имаратта кызматкерлердин жана кардарлардын ыңгайлуу иштөөсү үчүн бардык шарттар бар. Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн кеңсенин ичинде ар кандай кызматтарды төлөө үчүн үч терминал, ошондой эле банкомат орнотулган.

Быйыл бул филиалда 2 миллион сомго жакын оңдоо иштерин улантуу пландалууда.

Show More
Back to top button