Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекеттик субсидияларды алуунун тартиби – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мамлекеттик субсидияларды алуунун тартиби

Мамлекеттик субсидияларды берүү программасына катышуу каалоосун билдирген айыл чарба өндүрүүчүсү жазгы же күздүк айдап себүү үчүн мамлекеттик субсидияларды берүү программасына катышуу үчүн райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө субсидияланган үрөнгө кайрылууга милдеттүү.

Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

• жеке адамдар жана жеке ишкерлер үчүн:

ИНН, фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо);

• юридикалык жактар үчүн:

юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо) жана ИНН;

• байланыш маалыматтары (почта дареги, телефон номери, e-mail дареги);

• жер участогунун бар экендигин тастыктоочу документ (укугун белгилөөчү жана/же укукту ырастоочу документтер жана/же ижара келишими).

Райондук комиссия үрөндү алуучунун катышуусунда ар бир айыл аймак боюнча үрөн себүүнү текшерүүгө укуктуу. Эгерде үрөн өз багыты боюнча пайдаланылбаганы аныкталса, алуучу андан ары мамлекеттик бюджеттин эсебинен үрөн сатып алуу укугунан ажыратылат.

Show More
Back to top button