Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик тизмеси – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик тизмеси

2022-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин ресурстары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, басылышта 2022-жылы пайдаланууга перспективдүү деп табылган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторунун жана гибриддеринин тизмеси киргизилген. Сорттордун жана гибриддердин тизмеги алфавит тартиби боюнча жайланыштырылып, уруулар жана түрлөр пайдалануу багытына ылайык топторго бириктирилип, чарба баалуулугуна ылайык тизмектештирилген. Мамлекеттик тизмеге киргизилген сорттор тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтар берилген: катар иреттик саны, сорттун аталышы;

Мамтизмеге киргизилген жыл;

пайдаланууга уруксат берилген аймактын иреттик саны;

сорттун оригинаторунун иреттик саны , айрым айыл чарба өсүмдүктөргө чарбалык-биологиялык мүнөздөмө берилген жана алар тийиштүү сыр белги менен белгиленген.

Патенттелген сорттор ® белгиси менен белгиленген. Сорттордун патент ээлери Кыргыз Республикасынын “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, сорттордун пайдалануусуна өзгөчө укукка ээ.

Негизги уруулардын жана түрлөрдүн сорттору жана гибриддери 7 аймакта пайдаланууга сунушталган (3-тиркеме), андан тышкары көргөзүлгөн сорттор Кыргызстандын бардык аймактарында өстүрүүгө жарактуу (андай сорттор “Колдонууга уруксат берилген аймактар” тиктилкеде “*” белгиси менен белгиленген).

Мамлекеттик тизмеге сортторду жана гибриддерди киргизүү жана тизмеден алып таштоо сунушун Айыл чарба министрлигинин бекитүүсүнүн негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти иш алып барат. Мамлекеттик тизмеге киргизилген сортторду Кыргыз Республикасынын аймагында көбөйтүүгө, четтен киргизүүгө, өлкө ичинде үрөнүн сатууга жана жайылтууга укук берет. Департамент тизмекке кирген сорттордун үрөнүн жана көчөт материалдарын тастыктап, алардын сорттук тазалыгын, келип чыгышын жана айдоо сапатын ырастоочу тийиштүү документтерди дайындайт.

Show More
Back to top button