Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба техникаларын лизингке алуу боюнча документтердин тизмеси – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба техникаларын лизингке алуу боюнча документтердин тизмеси

I) Жеке ишкердүүлүк менен алектенген жеке адамдар үчүн жалпы документтер:

1. Насыяга табыштама (түп нускасы, Банкта толтурулат);

2. 1 сүрөт (3х4);

3. Зайымчынын/ күрөө берүүчүнүн паспортунун түп нускасы, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү* кардардын папкасына көктөлөт;

4. Зайымчы менен күрөө берүүчүнүн нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү* же үй-бүлөсү тууралуу штамп басылган паспортунун барагынын көчүрмөсү*;

5. Банктын кызматкери күбөлөндүргөн, насыя алууга жазуу түрүндө жубайы берген макулдугу (түп нускасы Банкта толтурулат);

6. Жубайлар, ошондой эле башка менчик ээлери (эгерде күрөө предмети бир нече адамдын жалпы менчигинде болсо) берген, кыймылсыз мүлктүн күрөөсүнө нотариус күбөлөндүргөн кагаз түрүндөгү макулдук. Эгерде күрөө берүүчү/ зайымчы никеде турбаса, үй-бүлөлүк статусун тастыктаган арызды тиркөө керек (күйөөгө тийген эмес/ бойдок/ жесир, ажырашкан) (түп нускасы же көчүрмөсү*);

7. Салык төлөөчүнүн салык каттоосунан өткөндүгү жөнүндө салык кызматынын органдарынан маалым кат (эгерде зайымчынын биздин Банкта алыш-бериш эсеби болбосо) (түп нускасы). Мында маалым каттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү насыя папкасына көктөлөт, ал эми түп нускасы алыш-бериш эсебин ачуу боюнча папкага көктөлөт;

8. 2016-жылдын 01-январына чейин катталган, жеке ишкердүүлүккө алектенген жеке жактар үчүн:

– Жеке ишкер катары катталганы/ кайра катталганы жөнүндө же болбосо дыйкан (фермердик) чарбаны түзгөндүгү (юридикалык жакты түзбөстөн) жөнүндө статистика органдарынан күбөлүк (көчүрмө)*;

2016-жылдын 01-январынан баштап катталган, жеке ишкердүүлүккө алектенген жеке жактар үчүн:

– Жеке ишкер катары катталганы/ кайра катталганы жөнүндө же болбосо дыйкан (фермердик) чарбаны түзгөндүгү (юридикалык жакты түзбөстөн) жөнүндө салык кызматынын органдарынан күбөлүк (көчүрмө)*;

Патент (көчүрмө)* – ишмердүүлүктүн каржыланган түрү патентте көрсөтүлгөн иштин түрүнө толугу менен дал келген шартында гана.

Дыйкан (фермердик) чарбалар (юридикалык жакты түзбөстөн) кошумча төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

1. ДЧнын (ФЧнын) биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү жөнүндө келишим (түп нускасы);

2. Насыяны жана күрөөгө мүлктү алгандыгы жөнүндө ДЧнын (ФЧнын) ыйгарым укуктуу органдын протоколу (түп нускасы);

3. ДЧнын (ФЧнын) жетекчисин шайлаганы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын протоколу (түп нускасы);

4. Насыяга табыштама берилген күнгө ДЧнын/ФЧнын мүчөлөрүнүн тизмеси (түп нускасы).

Ошону менен бирге, 400 миң сомго (камтуу менен) чейинки суммада айыл чарбага дайындалган насыялар боюнча табыштама бергенде, жеке ишкер катары катталганы/ кайра катталганы жөнүндө статистика/ салык кызмат органдарынан күбөлүк талап кылынбайт.

(“Айыл Банк” ААКтын Насыя комитетинин 2016-жылдын 26-январындагы №7/2 чечиминин редакциясында)

9. Жеңилдетилген (субсидияланган) насыялоо мамлекеттик долбоорлорунун алкагында насыяны алууга табыштамалар боюнча, 2016-жылдын 01-январына чейин катталган фермерлерден статистика органдарынан күбөлүктүн берүүсү милдеттүү түрдө талап кылынат/ 2016-жылдын 01-январынан баштап катталган фермерлерден салык кызматынын органдарынан күбөлүктүн берүүсү милдеттүү түрдө талап кылынат:

(“Айыл Банк” ААКтын Насыя комитетинин 2016-жылдын 26-январындагы №7/2 чечиминин редакциясында)

– канаттууларды багуучулук;

– балык чарбачылыгы;

– мал чарбачылыгы – 100 жана андан ашык майда малы (кой, эчки) бар болсо;

– малды багып семирткен мал чарбачылыгы – 20 жана андан ашык мүйүздүү ири малы (топоз, букалар) бар болсо;

– сүт багытындагы мал чарбачылыгы – 10 жана андан ашык сүттүү мүйүздүү ири малы (уй) бар болсо;

– мал чарбачылыгы – 10 жана андан ашык жылкысы (жынысына жана жашына карабастан) бар болсо.

10. Жеңилдетилген насыялоонун мамлекеттик долбоорлору боюнча агро-насыяларды алууга табыштамалар үчүн, өзүн-өзү башкаруу жергиликтүү органдарынан (айыл өкмөтү) малдын бардыгы жөнүндө маалым каттын, ошондой эле айыл чарба жерлеринин бардыгын тастыктаган документтердин милдеттүү түрдө берилиши талап кылынат.

11. Жеңилдетилген (субсидияланган) насыялоонун мамлекеттик долбоорлорунун алкагында насыяны алууга табыштаманы берген кайра иштетүүчү өнөр жайдын субъекттери, жумушчу орундардын керектүү сандын бардыгын тастыктаган документтерди (акыркы отчеттук ай үчүн жеке киреше салыгы боюнча салык кызматынын органдарына отчеттор, акыркы ай үчүн жалданма жумушчуларга патенттер ж.б.у.с.) бериши керек.

(“Айыл Банк” ААКтын Насыя комитетинин 2015-жылдын 13-мартындагы №18/3 чечиминин редакциясында)

II) Юридикалык жактар үчүн жалпы документтер:

1. Насыяга табыштама (түп нускасы, Банкта толтурулат);

2. Жетекчинин 1 сүрөтү (3х4);

3. Салык төлөөчүнүн салык каттоосунан өткөндүгү жөнүндө салык кызматынын органдарынан маалым кат (эгерде зайымчынын биздин Банкта алыш-бериш эсеби болбосо) (түп нускасы). Мында маалым каттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү насыя папкасына көктөлөт, ал эми түп нускасы алыш-бериш эсебин ачуу боюнча папкага көктөлөт;

4. Жетекчинин/ күрөө берүүчүнүн паспортунун түп нускасы, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү* кардардын папкасына көктөлөт;

5. Күрөө берүүчүнүн нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү* же үй-бүлөсү тууралуу штамп басылган паспортунун барагынын көчүрмөсү*;

6. Жубайлар, ошондой эле башка менчик ээлери (эгерде күрөө предмети бир нече адамдын жалпы менчигинде болсо) берген, кыймылсыз мүлктүн күрөөсүнө нотариус күбөлөндүргөн кагаз түрүндөгү макулдук. Эгерде күрөө берүүчү/ зайымчы никеде турбаса, үй-бүлөлүк статусун тастыктаган арызды тиркөө керек (күйөөгө тийген эмес/ бойдок/ жесир, ажырашкан) (түп нускасы же көчүрмөсү*);

7. 2 каржы жыл үчүн зайымчынын каржы отчеттору:

– Баланстык отчет;

– Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет;

– Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет (Кэш-фло);

– Капиталындагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (эгерде акыркы 2 жылдын ичинде мындайлар болсо);

– Бересе пайда болгон күн менен дебиторлорду чечмелөө;

– Жоюу күн менен, зайым келишимин тиркөө менен кредиторлорду чечмелөө;

– Ишкананын негизги каражаттарын чечмелөө;

– Өлчөмү банктын суммардык капиталынан 1% жана андан жогору болгон насыялар боюнча, акыркы жыл үчүн тышкы аудитордун корутундусу.

8. Жеңилдетилген (субсидияланган) насыялоонун мамлекеттик долбоорлорунун алкагында насыяны алууга табыштаманы берген кайра иштетүүчү өнөр жайдын субъекттери, жумушчу орундардын керектүү сандын бардыгын тастыктаган документтерди (акыркы отчеттук ай үчүн жеке киреше салыгы боюнча салык кызматынын органдарына отчеттор, акыркы ай үчүн жалданма жумушчуларга патенттер ж.б.у.с.) бериши керек.

(“Айыл Банк” ААКтын Насыя комитетинин 2015-жылдын 13-мартындагы №18/3 чечиминин редакциясында)

Show More
Back to top button