82 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер,Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгеги сиңген кызматкер Жапарбек Смаилов мезгилисиз дүйнөдөн кайтты.Жапарбек Смаиловду билгендер үчүн бул оор сокку жана орду толгус жоготуу.
Жапарбек Смаилов кызмат ордунда мамлекеттке ак ниет менен кызмат кылуунун жаркын үлгүсүн көрсөттү. Жапарбек Смаилов биздин эсибизде чынчыл коомдук ишмер, жогорку класстагы кесипкөй, жоопкерчиликтүү жетекчи жана эң мыкты инсан катары түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.