Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Машина-трактордук станциялар (МТС) боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Машина-трактордук станциялар (МТС) боюнча маалымат

                                                  

2021-жылга карата КР АЧ министрлигин кабыл алынган иш планын аткаруу менен бирге айыл чарба өндүрүшүндөгү механизациянын деңгээлин жогорулатуу, республиканын аймактарында айылдык субъектик чарбаларга механизациялык  жана агротехникалык кызмат көрсөтүүчү жеке жана муниципалдык менчиктеги ишканаларды уюштуруу жана түзүү, республиканын айылдык субъектик чарбаларына техникаларды, машиналарды жана жабдууларды лизингке берүүнү кеңейтүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасына техника түрүндө инвестиция тартуу боюнча көлөмдүү жумуштарды аткарды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2016-ж. “Республиканын аймактарында агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчү ишканаларды (МТС) түзүү жөнүндө”  №107-б буйругун аткаруу максатында  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирдикте ар бир райондо 2016-2021 жылдары түзүлө турган машина-трактордук станцияларды уюштуруу планын иштеп чыккан. Министрлик тарабынан Департаментке жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте ар бир райондо уюшулуп, иштеп жаткан жана 2021-жылы жана кийинки жылдары уюшула тарган МТСтердин санын тактоо тапшырылган. Такталып алынган маалыматтардын жыйынтыгында 2021-жылы республиканын аймактарында 15 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган, анын 2 муниципалдык жана 13 жеке менчик. Ал эми КРӨнүн токтому кабыл алынгандан бери жалпысынан 122 МТС уюшулуп, алардын 49 муниципалдык, 73 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет жана алардын карамагында 1500 жакын ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар.

Show More
Back to top button