Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаа текшерүүлөрү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаа текшерүүлөрү

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021 -жылдын 03-июнундагы №180 талаа текшерүүсүн өткөрүүгө чыккан буйругуна ылайык,Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында үрөнчүлүк жана башка чарбалык субъектилеринде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк себүүлөрү талаа текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.

Жалпысынан Ош облусунда кылкандуу дан эгиндеринин 2105,3 га, Жалал -Абад облусунда -389 га, Баткен облусунда -88,5 га, Талас облусунда -96 га, Чүй облусунда – 4214,9 га, Ысык-Көл облусунда. 534 га жана Нарын облусунда – 438 гааянты текшерилген. Ошондой эле жүгөрү39,8 га, пахта – 536,0 га, күрүч -3 га, гречка – 5 га, сафлор –14,5 га, тритикале 5га, сулу- 106 га, соя – 33га, көп жылдык чөптөр – 197 га, анын ичинен беде – 99,0 га, эспарцет –98,0 га жана картошка – 293,07 га аянты текшерүүдөн өткөрүлдү. Жалпысынан республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 9097,96 га аянтындагы үрөндүк себүүлөрү тешерүүдөн өткөрүлдү.

Жер-жерлердеги текшерүү көрсөткөндөй Чүй өрөөнүнүн үрөнчүлүк чарбаларындагы чарбалык субъекттер иүрөндүк кылкандуу дан эгиндеринин эӊ зыяндуу ото чөптөрүнө жанажапайы сулу менен тийиштүү күрөш жүргүзбөгөндүктөн жер-жерлердеги текшерүүнүн жыйынтыгында үрөндүк кылкандуу дан эгиндерин себүү шартын бузуу фактылары аныкталды. Ошентип, Москва районунун “Ороз” дыйкан чарбасында жаздык арпанын “Нутанс-89” сортунун 10 гектар аянты  суперэлитадан биринчи репродукцияга которулду.

Москва районунда КФЧ“Энгельс” атындагы үрөнчүлүк чарбасында  күздүк буудайдын экинчи репродукциясындагы  Интенсивный “сортунунун 102 га аянты кийинки репродукцияга которулган.

Сокулук районунда КОСС үрөнчүлүк  чарбасындагы  “Тилек” сортундагы күздүк буудайдын 2,5 гектар аянты элитанданэкинчи репродукцияга жана “Даӊк” сортундагы күздүк буудай сорт аралашмасынан улам экинчи жылдагы көбөйтүү питомнигинен элита репродукциясына которулган. Ушул эле чарбада”Адыр” сортундагыкүздүк буудайдансорттук аралашма табылгандыктан 3 га аянтындагыэкинчи жылдык көбөйтүү питомнигиүрөндүк себүүдөнжок кылынды.

Жалпысынан республика боюнча күздүк себүүгө керектөө 36,4 миң тоннаны же 94,4 % камсыздалат.Мунун34,3 миң тонна дан эгиндери топтолгон. Үрөндүн жетишсиздиги 2,1 миң тоннаны түздү. Үрөн 1,64 миң тоннанын, региондордун эсебинен 0,62 миң тонна, мамлекеттик субсидиянын алкагында – 1,48 миң тонна.

Буудайдын үрөндүк даны 34,2 миң тонна же 94,0%талап кылынган үрөндүн32,1 миң тоннасы топтолгон. Жетишпеген 2,0 миң тоннанын, облус ичинен0,7 миң тонна жана 1,3 миң тонна субсидиялар аркылуу толукталат.

Арпанын 2,28 миң тоннаүрөнүн керектелсе анын 2,27 миң тоннасы топтолгон же 99,8 % түзөт.

Республикада дан эгиндеринин текшерилген үрөнүнүн көлөмү 27,0миң тонна болсо, анын ичинен кондицияга жеткени26,7миң тонна же 77,9% түзөт. Текшерилген буудайдын үрөнү 25,0тонна болсо, анын ичинен кондицияга жеткени24,8 тонна же 77,3 %, ал эми арпанын текшерилген үрөнү 1,9 тоннаны түзсө, анын баары кондицияга жеткен же 87,%.

Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, ошондой эле Нарын, Ысык-Көл облустарындаазыркы учурда жаздык өсүмдүктөрдүн үрөндүк материалы тазаланып жатат.

Бекитилген регламентке ылайык, “Айыл чарба үрөндөрүнүн топтолгондугу жөнүндө” 1С/Х формасындагы 3 статистикалык отчет жана күздүк кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүнүн саны жана сапаты боюнча 16 ыкчам маалымат даярдалды. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыктары менен биргеликте 2022 -жылдын күздүк себүүсүнө кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүнүн балансы, ошондой эле 2022 -жылы күздүк себүү үчүн эркин сатууга коюлган үрөндөр жөнүндө маалымат даярдалып жөнөтүлдү.

Show More
Back to top button