Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Орто-Токой суу сактагычы боюнча КР Айыл чарба министрлигинин расмий жообу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Орто-Токой суу сактагычы боюнча КР Айыл чарба министрлигинин расмий жообу

КРнын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти (мындан ары – Департамент) КР АСЧАӨ министрлигинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 107 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2019-жылдын 4-мартындагы № 4-дп буйругун ишке ашыруу жөнүндө» буйругун аткаруу боюнча 2021-жылдын 16-июлунда ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын

отурумун өткөргөн. Критерийлерге жана баалоо таблицасына ылайык чыгарылган сынактын жыйынтыгы менен, №551-лот (Орто-Токой суу сактагычы) боюнча эң жогорку балл алган катышуучу, б.а. «Орто-Токой ынтымагы» ЖЧКсы конкурстун жеңүүчүсү деп табылган.

2021-жылдын 2-августунда Балык чарба департаменти менен «Орто-Токой Ынтымагы» ЖЧКсынын ортосунда «Балык чарбасын өнүктүрүү үчүн суу сактагычты (акваторияны) балык өндүрүү, балык уулоо жана балык өстүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө» келишим түзүлгөн.

Департамент тарабынан 2019-жылы Орто-Токой суу сактагычына 800 миң даана сиг-лудога балыгынын, 2020-жылы 450 миң даана сиг-лудога балыгынын чабактары кое берилсе. 2021-жылы 500 миң даана сиг-лудога балыгынын чабактары кое берилген.

Учурда аталган суу сактагычта спорттук-ышкыбоздорунун балык уулоо үчүн стандарттуу салмакка жана өлчөмдөргө жеткирүү үчүн балык чабактары өстүрүлүүдө, буга байланыштуу сынактын негизинде утуп алган «Орто-Токой ынтымагы» ЖЧКсы спорттук ышкыбоздук балык уулоого уруксат бербейт.

Суу сактагычта спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо сезону Илимдер академиясынын жана Департаменттин адистери тарабынан мониторингдик изилдөөлөр жүргүзүлүп, мониторингдин жыйынтыгы боюнча квота аныкталгандан кийин жана «Орто-Токой ынтымагы» ЖЧКсы менен Департаменттин ортосунда балык уулоо карталарын сатуу боюнча келишими түзүлгөндөн соң башталат.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы №410 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сууларында ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

Show More
Back to top button