Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантиндик фитосанитардык чаралар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Карантиндик фитосанитардык чаралар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин жетекчилиги 2021-жылдын 24-декабрында Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү Ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабев баш болгон өкүлдөрү менен жолугушту.

Бул жолугушууда Департаменттин ыйгарым укугунун алкагында биргелешкен кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле 2021-жылдын 17-декабрында Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы ЕЭКтин Коллегиясынын Төрагасы М.Мясников менен иштиктүү тамактанууда, Кыргызстандын фитосанитардык сертификаттардын Россия менен Казакстандын чек арасында таанылбагандыгы жана транспорттун ичинде өтүү жодору милдеттүү талаптар жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Департаменттин өкүлдөрү ЕАЭБтин келишиминин 59-беренесине ылайык «Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар» XI бөлүмүнүн «Карантиндик фитосанитардык чаралар» боюнча төмөнкүлөргө түшүндүрмө беришти:

1. Карантиндик фитосанитардык чаралар Бирликтин бажы чекарасында

жана Бирликтин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу карантинге алынган продукциянын (карантинге алынган товарлар, карантинге алынган материалдар, карантинге алынган товарлар) тизмегине киргизилген продукцияга (мындан ары карантинге алынган продукциянын тизмеси), Бирликтин карантиндик объекттеринин

бирдиктүү тизмесине киргизилген карантиндик объекттерге, ошондой эле карантинге алынган объекттерге карата колдонулат.

2. Бирликтин бажы аймагында жана Бирликтин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) карантинге алынган продукциянын тизмесине киргизилген продукцияга, Бирликтин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмесине киргизилген карантиндик объекттерге, ошондой эле карантинге алынган объекттерге карата жүргүзүлөт.

Ал эми өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы, Бажы бирлиги комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, карантинге алынган продукциянын тобокелдик даражасына негизденип төмөнкү процедураларды жүргүзүү укуктарына ээ:

1) документтерин текшерүү;

2) көрүп чыгуу – карантиндик объекттерди табуу максатында сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү ылгабастап, каратинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объектти көз чаптырып кароо;

3) кароо – карантинге алынган объекттердин бар же жок экендигин табуу жана (же) сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү ылгап алуу мүмкүнчүлүгү менен карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын текшерүү максатында карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди текшерип кароо.

Мында фитосанитардык сертификат алып коюлат жана анын ордуна бирдиктүү үлгүдөгү карантиндик фитосанитардык контролдун (көзөмөлдүн) актысы берилет, анда карантинге алынган жүктөргө карата аракеттер жазылган.

Экинчи маселе боюнча, транспорт каражатынын ичинде өтүү жолдорун калтыруу маселеси, Департамент, бул талап өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынын талабы гана эмес, башка контролдоочу органдардын дагы талабы катары жүзөгө ашырылаарын түшүндүрдү. Бардык эле өткөрмө пункттары рентген системалары менен жабдылган эмес, зарыл болгон учурда, жүктөрдүн ортосунда өтүү жолдору жок болсо, жүктөрдү жарым-жартылай түшүрүү талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле транспорттун ичинде өтүү жолдору болсо, кароо же текшерүү жол жоболору кыска мөөнөттө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ассоциациянын өкүлдөрү карантинге алынган продукцияга карата ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптары боюнча түшүндүрмөлөрдү угуп, алар жалпысынан тышкы экономикалык ишмердиктин бардык катышуучуларын эмес, Ассоциациянын өнөктөштөрүнүн пикирин гана жеткиргендигин, ал эми жолугушууларда бул сунушту айтууну жана киргизүүнү билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында карантиндик фитосанитардык иш-чаралар жаатында мындан аркы кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашылды.

Show More
Back to top button