Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министринин орун басары дайындалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министринин орун басары дайындалды

Байдылдаев Мурат Курманбекович Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды.

1965-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Калинин айылында туулган. Жогорку билимдүү.

1982-1988-жылдарда К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган, эмгек жолун 1988-жылы Жданов атындагы колхоздо гидротехник болуп иштеп баштаган.

1997-жылы Ысык-Ата районунун айыл чарба башкармалыгында башкы агроном.

1998-жылдын май-ноябрь айларында Кант райондук мамлекеттик администрациянын агрардык жана жерди реформалоо борборунун директору.

2005-2007-жылдарда Ысык-Ата районунун агрардык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси.

2007-2017-жылдарда Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы.

2017-2021-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Show More
Back to top button