Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун өнүктүрүү жөнүндө
ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу үчүн ишкерлерди активдүү болууга жана Айыл чарба министрлигинин дарегине төмөндөгүлөрдү жөнөтүүнү суранабыз:
– ЕАЭБдин бир өлкөсүнүн кызмат көрсөтүүчү персоналынын кайсы болбосун башка мүчө-мамлекеттин аймагында уруксаттардын жана квалификациялардын кандай болбосун түрлөрүн тааныбоо фактылары жөнүндө маалыматтар;
– агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүдө салык салуу, валюталык чектөөлөр, эсептерди ачуу же банктык которуулар көйгөйлөрү жөнүндө маалымат;
– Бирликтин алкагында агроөнөр жай комплексинде кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешин жана кеңейтилишин стимулдаштыруу боюнча сунуштар.