Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин кызматкерлери 2021-жылдын 3-декабрынан 9-декабрына чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 6 миң 435 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.
Белгилей кетсек, өткөн жумага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынан 7 миң 394 тоннага аз экспорттолгон.
Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.