Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз эт-май багытындагы “Арашан” породасындагы койлорго электрондук бирка “чип” тагылып, атайын чыгарылган малымдоого киргизилип, асыл тукум карточкалары толтурулду.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/коз6-1024x576.jpg)
“Чип”-анча чоң эмес электрондук каражат, анын жардамы менен койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүн. Чип киргизүүнүн алдында койлор толук көзөмөлдөн өткөрүлөт, бул жараян электрондук маалымдамага киргизилет.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/коз4-3-1024x576.jpg)
Эске салсак, Кыргыз “Арашан” эт- май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. Учурда мындай порода өлкө боюнча 5800дөй кой бар.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/коз1-4-1024x576.jpg)
Козуларынын болжолдуу баалары 500 АКШ доллар, ал эми койлору 5000 АКШ доллардан жогору. Бул “Арашан” эт-май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермерлер жана илимий адистери активдүү катышып, авторлукту алышкан.