Коррупцияны алдын алуу бөлүмү жана этика комиссиясы, антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү жана башталгыч этаптагы коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматкерлердин маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча семинар болуп өттү.
2021-жылдын 9-декабрында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата министрликтин Борбордук аппаратына жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн «Кыргызстандагы коррупциянын түшүнүгү, маңызы жана кесепеттери», «Атуулдук милдет жана жүк» деген темаларда окуу семинары өткөрүлдү.