Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбековдун Россияга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “ЭкоНива” компаниялар тобу менен таанышты. Министрди Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун мүдүрү Максатбек Нурдинов коштоп жүрүдү.
“ЭкоНива” КТсы Россиядагы чийки сүттү ири өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, ал эми дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турат. Россияда өндүрүлгөн айыл чарба ишканалар тарабынан экспорттолгон сүт азыктарынын 6% “ЭкоНива” өндүрөт.
Министр Курск облусундагы топтун негизги селекциялык-үрөнчүлүк аянтын, “Добрино” сүт фермасын, Воронеж облусундагы сүттү кайра иштетүүчү заводдорун көрүп чыкты.Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу шарттарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.