Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
АЧМ: Кызматкерлердин дараметтин жогорулатуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

АЧМ: Кызматкерлердин дараметтин жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин бөлүмдөрүндөгү кадрдык дараметти жогорулатуу максатында мамлекеттик кызматкерлердин  квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу планы бекитилген (буйрук-14 октябрь 2021 ж. №353).

Бекитилген окуу планынын негизинде 2021-жылдын ноябрында төмөндөгүдөй окуулар уюштурулду:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин тармактык бөлүмдөрүнүн адистери үчүн “Евразия экономикалык бирлигинин иштөө принциптери” темасына арналган окутуу. Тренер Н.Каарбаева, ЕАЭБ менен иштөө жана ДСУ маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары жана борбордук аппаратынын адистери үчүн:

-Жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо;

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу ыкмалары. Заманбап байланыш ыкмасы;

– Мамлекеттик жарандык кызматтын жаңы системасы жана жарандык кызматчылардын милдеттери.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн бизнес менен маектешүү. Эксперт Темир Ажикулов.

Бул тренинг башкаруу компетенцияларын, уюмдун ичинде гана эмес, андан сырткары натыйжалуу коммуникацияларды түзүү боюнча негизги көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Тренингдер мындан ары да өткөрүлөт.

Show More
Back to top button