Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан-Венгрия: Айыл чарба кызматташтыгын өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстан-Венгрия: Айыл чарба кызматташтыгын өнүктүрүү

Айыл чарба министри А.Джаныбековдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында, 30-ноябрь күнү Венгриянын Айыл чарба министри, доктор Иштван Надь менен жолугушуу болуп өттү.

А.С. Джаныбеков кесиптешине “Будапешт планетасы 2021” туруктуу өнүгүү саммитине катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.Жолугушууда айыл чарба тармагын өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды:

– кластердик бирикмелерди Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин системасында Кыргыз-Венгер Өнүктүрүү фонду аркылуу каржылоо боюнча;

– асыл тукум бодо малдын эт жана сүт багыты боюнча кызматташуу, Кыргыз Республикасына асыл тукум мал чарба азыктарын жеткирүү боюнча кызматташуу;

– мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагына тийешелүү мамлекеттик органдары, илимий-изилдөө институттары менен кызматташуу;

– кызматкерлерди санариптик айыл чарба тармагында окутуу мүмкүнчүлүгү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, окутуу, рентабелдүү айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу, сертификациялоо жана аны ишке ашыруу , анын ичинде органикалык өндүрүштөрдү экспорттоо;

– ветеринардык дары каражаттарын каттоо жана сертификациялоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, ошондой эле ветеринардык дарыларды жөнгө салуу ж.б.

Show More
Back to top button