Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой тармагынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Токой тармагынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу

2021-жылдын 27-ноябрында  Кыргыз Республикасындагы АФОКОнун аткаруучу директору Рикардо Кальдерон жетектеген токой секторундагы кызматташтык боюнча Азия уюмунун делегациясынын сапары болду.

Сапардын негизги максаты Кыргыз Республикасы менен АФОКОнун ортосундагы токой тармагын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болду. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С.Джаныбеков  менен  АФОКО делегациясынын жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын токой тармагынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга колдоо көрсөтүүнү көздөгөн АФОКО келишимине кошулуу ниети талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы АФОКОнун региондук Окутуу борборун түзүү, кадрларды кайра даярдоо, токой чарба кызматкерлеринин, токой пайдалануучулардын, Борбордук Азия регионундагы жер пайдалануучулардын квалификациясын жогорулатуу маселелери козголду. Бул маселелерди чечүү үчүн  кыргыз тарап, Балыкчы токой чарбасында региондук окуу борборун куруу үчүн жер тилкесин берүүгө даяр. Иш сапардын программасына ылайык АФОКОнун делегациясы Балыкчы токой чарбасынын “Сары-Булак” аз өнүмдүү участкасына,тактап айтканда, Дүйнөлүк Банктын “Кыргызстандагы Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун колдоосу менен курулган терек дарагынын демонстрациялык участкасына, узундугу 6000 метр болгон сугат каналына жана Балыкчы токой чарбасынын Тору-Айгыр участкасындагы Кара-Талаа питомнигинин  плантациясына барды.

Show More
Back to top button