ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу

Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатууКР Айыл чарба министри А.С. Джаныбековдун тапшырмасы боюнча, “сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун негизинде – Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттар илимий-изилдөө институтуна кеңсе компьютердик техника, видеоконференция өткөрүүгө керектүү жабдыктар жана ири мүйүздүү малды жасалма уруктандырууга окутуу үчүн экран менен проектор берилген.

Белгилей кетсек, жабдуу Кыргыз Республикасында ири мүйүздүү малдын асыл-тукум потенциалынын сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.

Бул сүт долбоору КР Айыл чарба министрлигинин эгидасынын алдында жана Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен жөнгө салынган.

Show More
Back to top button