Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-жылдын 22-ноябрына карата минералдык жер семирткичтердин негизги түрлөрүнө болгон баалары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2021-жылдын 22-ноябрына карата минералдык жер семирткичтердин негизги түрлөрүнө болгон баалары

2021-жылы дүйнөлүк рынокто минералдык жер семирткичтердин баасынын өсүшү менен, биздин өлкөгө ташылып келинип жаткан минералдык жер семирткичтердин баасы 2020-жылга салыштырмалуу 3,0-5,0 сомго жогору болду. Дыйкандарды арзан баада минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана жогорку түшүм алуусу үчүн, Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчү жеке компаниялар менен биргеликте минералдык жер семирткичтерди өз баасында сатуу акцияларын байма-бай уюштурулуп жатты.

2021-жылдын 22-ноябрына карата минералдык жер семирткичтердин негизги түрлөрүнө баа төмөнкүдөй:

– аммиак селитрасы: Баткен облусунда – 25,0-25,5 сом/кг, Жалал-Абад облусунда – 25,0-25,5 сом/кг, Ош облусунда – 25,0-25,5 сом/кг, Чүй облусунда – 25,0-26,0 сом/кг;

– мочевина: Баткен облусунда – 26,0-27,0 сом/кг, Жалал-Абад облусунда – 26,0-28,0 сом/кг, Ош облусунда – 25,0-26,0 сом/кг, Ысык-Көл облусунда – 27,0 сом/кг, в. Талас облусунда – 27,0 сом/кг, Чүй облусунда – 26,0-27,0 сом/кг;

– суперфосфат: республика боюнча – 15,0-17,5 сом/кг;

– аммофос: Чүй облусунда – 45,0-47,0,0 сом/кг, Нарын облусунда – 30,0 сом/кг, Талас облусунда – 45,0-48,0 сом/кг.

2021-жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баанын өткөн жылга салыштырмалуу кымбатташынын негизги себеби, АКШ доллары өсүшүнөн улам дүйнөлүк рынокто чийки заттын наркынын өсүшүнүн натыйжасында өндүрүш ишканаларынын фабрикалык баанын жогорулашы болуп саналат.

Show More
Back to top button