Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүгө үрөнчүлүк чарбалар менен 45 келишим түзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2022-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүгө үрөнчүлүк чарбалар менен 45 келишим түзүлдү

Айыл чарба өсүмдүктөрүн сертификатталган үрөндүк материал менен камсыз кылууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү жана сатуу үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү максатында 2019-жылы “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 2-февралындагы №22 Мыйзамы кабыл алынган.

2021-жылдын жазгы айдап себүү иштерине 35 үрөнчүлүк чарбасы менен келишим түзүлүп, анын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрдүн 2,574 тонна үрөнү коюлуп, же ага каралган акча каражатынын суммасы 23,2 млн сомду түздү. Анын ичинен буудайдын үрөнү 903,8 тонна же 7,630 млн сомго, арпанын үрөнү 1,546 тонна же 12,173 млн сом, жүгөрү үрөнү 36,0 тонна же 1,62 млн сом, эспарцет үрөнү 23,4 тонна же 874 миң сом, пахта үрөнү 56,0 тонна же 913 миң сомду түздү. Жаздык себүүгө мамлекеттик дотацияга коюлган үрөндү сатып алууга жалпысынан 1687 дыйкан жана фермер катышкан. Ошентип, мунун алкагында мамлекеттикдотация аркылуу берилген үрөн 16 миң га аянтка себилген.

2022-жылдын түшүмү үчүн күзгү себүүгө үрөнчүлүк чарбалар менен 45 келишим түзүлүп. Дотацияга коюлган үрөндөрдүн жалпы көлөмү 2117,6 миң тоннаны түзгөн жана анын ичинен буудай 2082,6 миң тонна же 23,7 млн сом, арпа 35 тонна, же 340 миң сомго түзүлдү. Жалпы суммасы 24,08 млн сом.

Show More
Back to top button