КРнын Айыл чарба министрлигинин буйругун аткаруу максатында жер – жерлерде жылкыларды идентификациялоо иш-чаралардын жүргүзүлүүсү күчөтүлдү.
Республика боюнча 1728,1 миң баш ири мүйүздүү мал жана 25,1 миң баш чочколор идентификациядан өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө төлдөрдү идентификациялоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле 2021-жылдын I кварталынан баштап жылкыларды идентификациялоо иш-чаралар толук кандуу башталды. Акыркы айда 5,0 миң баштан ашык жылкы идентификациядан өттү.