![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/022e7564-1ef6-4c9d-b609-8591d58aaa93-1.jpg)
Айыл чарба министрлиги тарабынан шаардагы Ч.Түлебердиев атындагы жана “Ынтымак-2” сейил бактарында “Бир жардан – бир көчөт” экологиялык акциясы өтүп, ага 100дөн ашык жарандар жана активисттер, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Н.Алишеров, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев,вице-мэр В.Мозгачева , “Эко-Деми” КФнун негиздөөчүсү А.Чыныбаева, Улуу Британиянын өзгөчө ыйгарым укуктуу элчиси А. Чарльз Гаррет жубайы менен катышты.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/d8830d75-8052-4ef3-9027-c247caf1b15c-1024x576.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/1927b981-3711-46dd-8418-0ee327bced3c-1.jpg)
Акциянын алкагында «Ынтымак-2» жана Ч.Түлөбердиев атындагы сейил бактарга 500дөн ашык көчөт отургузулду. Белгилей кетсек,акцияга үлгүрбөй калган жарандар үчүн 2021-жылдын 6- ноябрында 1000ден ашык алма багынын көчөттөрү Токмок шаарынын, Ак-Бешик жер участогуна отургузуу иштери жүрөт.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/250208975_679537193402003_8046474526473201753_n-1.jpg)
КР Айыл чарба министрилигинин статс-катчысы Н.Алишеров “Бак-дарактарды отургузуу менен айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн, мындай иш-аракеттердин аркасында абанын тазалыгын сактап кала аларыбызды”, – өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу министрлик жылына эки жолу республика боюнча көчөт отургузуу иш-чараларын уюштурат.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/761803ae-9f3c-45c5-a825-1bb8adfdc50c.jpg)