Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Минералдык жер семирткичтер менен күзгү азыктандыруу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Минералдык жер семирткичтер менен күзгү азыктандыруу

Күздүк дан эгиндерининин түшүмдүүлүгү жана сапаты вегетация мезгилинде өсүмдүктөрдү минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуудан көз каранды. Күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы эреже катары айдоо мезгилинде, себүү алдындагы жана жазында кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөт.

Республика боюнча 2022 – жылдын түшүмү үчүн жалпы 180 миӊ га күздүк буудай жана 12 миӊ га күздүк арпа себүү пландалууда. 2021-2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн минералдык жер семирткичтерге илимий негизделген муктаждыгын аныктоо боюнча атайын ар бир облус боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнө керектелүүчү минералдык жер семирткичтердин нормалары бар экспресс-аныктоо боюнча, 2022-жылдын түшүмү үчүн айдалган 192 миң тонна күздүк дан эгиндерине, жалпы 21 миӊ тонна фосфордук жана калийдик жер семирткичтер керектелет.

Күздүк дан эгиндерине күз мезгилинде негизги айдоо менен органикалык жер семирткичтер жана азотту камтыган жер семирткичтер (аммофос, диаммофоска, нитроаммофоска) берилгендиктен, азоттук жер семирткичтерди берүү сунушталбайт.

2021-жылдын 1-сентябрынан 22-октябрына чейин республика боюнча жалпы 5,9 миӊ тонна фосфордук жана калийдик жер семирткичтер ташылып келинип, бүгүнкү күндө дыйкандар тарабынан интенсивдүү сатылып алынып жатат. Бул жалпы керектөөнүн 28,2 % түзөт.

2021-жылдын 22-октябрына карата республика боюнча 1,7 миӊ тонна фосфордук жана калийдик жер семирткичтер бар. Аларга болгон баа төмөндөгүчө:

-Суперфосфат-11,0-17,0 сом/кг;

-Аммофос-30,0-45,0 сом/кг;

-Диаммофоска-49,0 сом/кг;

-Нитроаммофоска-36,0-47,0 сом/кг;

-Хлор калийи-20,0-46,0 сом/кг.

Жеке компаниялар тарабынан минералдык жер семирткичтерди ташып келүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Show More
Back to top button