Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-жылдын 15-сентябрынан тартып ишкер субъектилерди пландуу түрдѳ текшерүүдѳн ѳтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2021-жылдын 15-сентябрынан тартып ишкер субъектилерди пландуу түрдѳ текшерүүдѳн ѳтөт

Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы «Ишкер субъектилерди текшерүү жүргүзүүгѳ убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жѳнүндѳ» № 586 токтому менен киргизилген.

Мындай чечим, күмѳн жараткан тамак-аш азыктарын сатууда ар кандай ичеги-карындын жугуштуу ооруларын жана тамак-аштан ууланууларга жол бербѳѳ максатында кабыл алынган. Акыркы мезгилде коомдук тамактануу объектилеринде уулануулар кѳп катталып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Талдоо кѳрсѳткѳндѳй, тамак-аштан уулануу жана жугуштуу оорулардын пайда болушунун себеби: тамак даярдоодо анын технологияларынын бузулушу, туура эмес сакталышы, кызматкерлердин ѳздүк гигиеналарынын сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок мал азыктарын пайдалануу болгон.

Мамлекеттин тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу милдетин ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын ветеринардык-санитардык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарында белгиленген техникалык регламентеринин ченемдерин сакталышына, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин мыйзамдарын жана эл аралык талаптардын аткарылышы боюнча ишкер субъектилерди пландуу түрдѳ текшерүүдѳн ѳткѳрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилеп кетүү керек.

Бул чечим 2021-жылдын 15-сентябрынан тартып күчүнѳ кирди.

Show More
Back to top button