Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республикалык деңгээлде “Арашан” асыл тукум эт багытындагы койлордун  көргөзмөсү өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республикалык деңгээлде “Арашан” асыл тукум эт багытындагы койлордун  көргөзмөсү өттү

Бүгүн Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен “Арашан” асыл тукум эт багытындагы койлордун  көргөзмөсү республикалык деңгээлде өткөрүлдү.

Көргөзмөгө Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары И.Марсбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаты К. Бокоев, “Арашан” породасындагы койлорду  баккан жеке фермерлер бирикмеси, Казакстандан келген фермерлер жана асыл тукум породасындагы мал өстүрүүчү тажрыйбалуу фермерлер катышты.

Көргөзмөнүн максаты асыл тукум кой чарбасын популяризациялоо, тажрыйба алмашуу, сандан-сапатка өтүү.

Көргөзмөдө  “Арашан” асыл тукум эт багытындагы койлорду баккан алдыңкы фермерлер Айыл чарба министрлигинин ардак грамотасы, отличник төш белгиси менен сыйланды.

2021-жылы 15-апрелде Айыл Чарба Министрлиги “Арашан” кыргыз поробасын расмий каттаган. Кочкорлордун салмагы 170-180 кг, ургаачы койлордуку 130-140 кг бул породага кызыккан фермерлердин саны күн санап өсүүдө.

Show More
Back to top button