Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары башталууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Күзгү-кышкы ным топтоо сугаттары башталууда

2022-жылдын вегетациялык мезгилине даярдануу максатында ным топтоо сугаттары башталууда. Ным топтоо сугаттарына себүү алдындагы (предпахотные) күзгү-кышкы ным топтоо жана эрте жазгы ным топтоо сугаты кирет.

Күздүк дан эгиндерди сепкенге алдын ала 110 миң гектар жер аянты сугарылат.

Күзгү-кышкы ным топтоо сугаты менен 200 миң гектар жер аянты сугарылат. Анын ичинен айыл чарба өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – 30 миң га, көп жылдык чөп –90 миң га, мөмө-жемиш бактары – 33 миң га жана башка өсумдүктөр – 47 миң гектар жер аянттын сугарылышы планда каралган.

Ал эми 2022-жылдын февраль-март айларында эрте-жазгы ным топтоо сугаттары менен 190 миң га жер аянты сугарылышы күтүлөт. Анын ичинен айыл чарба өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – 25 миң га, көп жылдык чөп –95 миң га, мөмө-жемиш бактары – 30 миң га жана башка өсүмдүктөр – 40 миң га жер аянттын сугарылат .

Show More
Back to top button