Лизингдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу 6 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын лизингке берүү ишке аша баштаган.
2021-жылдын 9 айында 796,9 млн. сомго 312 техника лизингке берилди, ал эми 2011-жылдан бери дыйкандарга жалпысынан 5 832, 3 млн. сомго 3593 даана техника берилген.