Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрдин орун басары Илич Марсбек уулу Индиядан келген бизнес-делегацияны кабыл алды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрдин орун басары Илич Марсбек уулу Индиядан келген бизнес-делегацияны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу 2021 -жылдын 7 -сентябрында Индиядан келген бизнес-делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда министрдин орун басары Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү менен министрлик айыл чарба продукциясын Индияга экспорттоого кызыктар экенин белгиледи.

Ошондой эле, бал менен төө буурчактын чет өлкөлөргө экспорту тууралуу маалымат берип, акыркы убакта төө буурчак Пакистан Ислам Республикасына жана Индияга да экспорттолуп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Индияда “E-Choupal” айылдык аймактардын санариптик чоң системасы иштеп жатканынан кабардар экенин жана министрлик бул багытта тажрыйба алууга кызыктар экенин айтты.

Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал өз сөзүндө индиялык тарап айыл чарба продукциясын өз ара экспорттоого гана эмес, кошумча нарк менен айыл чарба продукциясын биргелешип өндүрүүгө кызыктар экенин белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасында балды жана кургатылган мөмөлөрдү кайра иштетүүчү ишкана ачуу планы менен бөлүштү. 

Жолугушуунун жыйынтыгында индиялык делегациянын өкүлдөрү кыргыз тарапты 2021-жылдын 10-сентябрында өтө турчу бизнес-саммитке катышууга чакырышты.

Show More
Back to top button