![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/a1557be4459e59e7a53ab3f9c9.jpeg)
2021 -жылдын 19-августунда “ЕАЭБдеги бизнес өнөктөштүгү үчүн жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” III Кыргыз-Орус бизнес форумундун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери жана министрдин орун басары Мукашев А.Ф. төмөнкү темалар боюнча презентацияларды жасады:
- “Айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү – региондук экономикалык саясаттын негизи”.
- “Логистикалык борборлор региондорду өнүктүрүүнүн локомотивдери”.
Презентациялардын материалдарын министрликтин сайтынан “ЕАЭБ жана БДСУ маселелери менен иштөө бөлүмү” деп аталган сайттын бөлүмүнөн көчүрүп алса болот.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/f73e1822-05e8-45f8-9b7d-28332690cd99.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/d6a783d4-07d1-43fb-a452-84387bbaece3-1024x768.jpg)