2021-жылдын 17-августунда, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде FishEDU долбоорунун алкагында “Кыргызстандагы аквакультура секторунун потенциалын жогорулатуу жана балык чарбаларын өнүктүрүү” борборунун расмий ачылышы өттү.
Долбоор Кыргыз улуттук агрардык университети менен биргеликте Чыгыш Финляндия университети тарабынан ишке ашып, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин HEI ICI программасы аркылуу каржыланган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Балык чарба департаменти FishEDU долбоорунун тарабынан ишке ашырылып жаткан ар бир долбоорго колдоо көрсөтүп келет.