Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бишкек шаарында KOPIA агенттигинин борбору ачылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкек шаарында KOPIA агенттигинин борбору ачылды

2021-жылдын 17-августунда, Ж. Баласагын атындагы Кырыз улуттук университетинин ботаникалык бакчасынын базасында түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы Корей эл аралык айыл чарба программасынын (KOPIA) ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ, KOPIA агенттигинин Айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын (RDA) вице-администратору Ким Духо жетектеген Кореялык делегация жана Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков катышып, ачылыш аземин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

KOPIA агенттигинин негизги максаты – айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча практиктерди даярдоо, жаңы технологияларды киргизүү менен чакан дыйкан чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, илимий изилдөө жүргүзүү, учурдагы жана келечектеги кадрларды даярдоо, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тажрыйба алмашуу.

Show More
Back to top button