Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Малдын сапатын жогорулатуу максатында жасалма жол менен уруктандыруу боюнча онлайн окуулар өткөрүлүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Малдын сапатын жогорулатуу максатында жасалма жол менен уруктандыруу боюнча онлайн окуулар өткөрүлүүдө

2021-жылдын 12-августунда, Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти Ысык-Көл облусунун райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистери менен биргеликте малдарды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча техник уруктандыруучулар жана фермерлер катышкан онлайн семинар өкөрдү.

Семинарды департаментин директорунун орун басары Максатбек Казакович ачып, малдарды жасалма жол менен уруктандыруу жана анын азыктуулугун жогорулатуу жөнүндө маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө жасалма жол менен уруктандыруунун артыкчылыктары тууралуу, ветеринардык илимдердин доктору Руслан Салыков, жана ага таасир этүүчү факторлор, алдыңкы техноглогиялар жөнүндө айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдыганы Абдурасулов тааныштырышты. Онлайн семинардын жыйынтыгында, семинардын катышуучулар берген суроолоруна жоопторду алышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button