Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайти менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайти менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков бүгүн, 13-августта, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайтини кабыл алды.

Элчи Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайти министрге 2023-2024-жылдары Катардын Доха шаарында өтө турган “ЭКСПО-2023” эл аралык көргөзмөсүнө расмий чакыруу тапшырды.

Ошондой эле, Катар Кыргыз Республикасынан айыл чарба азыктарын экологиялык жактан экспорттоого кызыктар экенин билдирди.

“Кыргызстанда Катар мамлекетине экспорттоо үчүн органикалык айыл чарба продукциясынын жетиштүү көлөмү бар, айрыкча бал менен эт”, – деди Аскарбек Жаныбеков.

Өз кезегинде Катар элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайти жолугушуу үчүн министрге ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле келечекте кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө үмүтүн билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button