Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
KOICA агенттиги менен ФАО уюму Органикалык айыл чарба департаментине компьютердик жабдууларды тапшырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

KOICA агенттиги менен ФАО уюму Органикалык айыл чарба департаментине компьютердик жабдууларды тапшырды

Бүгүн, 27-июлда, Корея Республикасынын эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан ишке ашырылып келе жаткан “Кыргызстанда органикалык дыйканчылыктын укуктук жана институционалдык базасын түзүүгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында, KOICA агенттигинин жана Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине компьютердик жабдуулар тапшырылды.

Департаментининин директору Бактыгүл Аскералиева органикалык айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жаткан KOICA агенттигине жана ФАО уюмуна ыраазычылыгын билдирүү менен айыл чарба жаатындагы мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу пландарын кошумчалады.

“Органикалык айыл чарба тармагын сапаттуу өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу менен өндүрүлгөн продукцияны эл аралык стандарттагы сертификациядан өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик адистердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек”,- деди.

ФАО уюму органикалык айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшү үчүн институционалдык жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууга толугу менен кошула турганын жана колдоо көрсөтө турганын билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button