Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдүн  жаңы сортторун, гибриддерин  жана  инновациялык технологияларды колдонуунү  республикабыздын аймактарына жайылтуу боюнча семинар өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдүн  жаңы сортторун, гибриддерин  жана  инновациялык технологияларды колдонуунү  республикабыздын аймактарына жайылтуу боюнча семинар өттү

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Таза-Жан” үрөнчүлүк кооперативинин айдоо аянтында атайын дыйкандар үчүн республикалык семинар өткөрдү.

Семинарды өткөрүүнүн максаты буудай, жүгөрүнүн жогорку түшүмдүү жаңы сортторун гибриддерин  республикабыздын аймактарына жайылтуу, тоют үчүн экинчи түшүмгө жүгөрү себүү жана майда үрөн чарбаларын ирилештирүү менен сууну үнөмдүү пайдаланууда  инновациялык технологияларды колдонуу.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары А. Мукашев, министрликтин тиешелүү адистери, “Таза-Жан” үрөнчүлүк кооперативинин директору Р. Иманалиев, республиканын райондорунун райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктын башчылары, айыл чарба тармагындагы жеке ишкерлер, дыйкан фермерлер катышты.

Р. Иманалиев таза-сапаттуу үрөндөрдү себүү, сууну иновациялык технологияларды колдонуу менен үнөмдөп пайдалануу боюнча семинардын катышуучуларына маалымат берип, практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Министринин орун басары А. Мукашев райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктын башчыларына түшүмдүү  жаңы сортторун, гибриддерин жана тамчылатып, жамгырлатып суугаруучу инновациялык технологияларды  республикабыздын аймактарына жайылтууну, дыйкандарга маалымат жеткирүүнү тапшырды.

Иш чаранын жыйынтыгында суроолор берилип, суроолорго адистер жеткиликтүү жооптор берилди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button