Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

2021-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков АКШнын Эл аралык өнүктүрүү уюмунун (USAID) Кыргызстандагы өкүлү Кит Симмонс жана Экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Джош Темплто менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бул уюмдун колдоосу менен ишке ашкан жана жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор боюнча талкуулашты. Бүгүнкү күндө USAID уюму Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу менен дыйкандардын кирешесин жогорулатууга, багбанчылык жана мал чарбасын өнүктүрүүдө, ошондой эле айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен кайра иштетүү потенциалын өнүктүрүү жаатында бир топ иштерди алып барат.

Бүгүнкү күндө USAID уюму менен министрликтин кызматташтыгынын алкагында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу, аары жана жүзүм өстүрүү жаатында заманбап техникалык жардам ишке ашырылууда.

Ошондой эле, USAID уюмунун өкүлдөрү Кыргызстан аймагындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары боюнча жаңы долбоордун башталышы жөнүндө билдиришти.

Министр Аскарбек Джаныбеков USAID уюмунун өкүлдөрүнө Кыргызстандын айыл чарбасын жана аймактарын туруктуу өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, министр фермер, дыйкандар үчүн атайын мал жандыктарды багууда жана жайыт жерлерди иштетүүдө окуу борборун түзүү пландарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте ишке аша турчу долбоорлор боюнча келишимдерди макулдашышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button