Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Үрөн чарбаларына мамлекеттик субсидиялар жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Үрөн чарбаларына мамлекеттик субсидиялар жөнүндө маалымат

Айыл чарба өсүмдүктөрүнө сертификатталган үрөн материалын берүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сапаттуу сертификацияланган үрөндөрдү өндүрүү жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Мамлекеттик субсидиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2019-жылы кабыл алынган.

Бул мыйзамга ылайык, мамлекет артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи муундагы сорттору менен козу карындарынын суперэлитанын, элитанын, биринчи жана экинчи репродукцияларынын сатылган үрөндөрүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын 30% кайтарат. Приоритеттүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына күздүк жана жаздык буудай, арпа, кант кызылчасы, пахта, жүгөрү, буурчак, беде жана эспарцет кирет.

2021-жылдын жазгы айдап себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо бөлүмү 35 үрөнчүлүк чарбалары менен 51 келишим түзүп, анын көлөмү 2 574 395 кг түздү. Жалпы субсидияланган үрөндүн суммасы 23212484 сом.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button