Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кумшекер жана тростник канты тарифтик арзандатуу менен ташылып келет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кумшекер жана тростник канты тарифтик арзандатуу менен ташылып келет

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Министрлер Кабинетинин «Кыргыз  Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдиктерди колдонуу менен кумшекерди жана тростник кантын алып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө»  токтомунун  кабыл алынышы жөнүндө билдирет (https://www.gov.kg/ru/npa/s/3192).

Алып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүү тууралуу табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгы тууралуу кулактандыруу жарыялайбыз. 

Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:

– уставдын көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоосунун күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү;

– кумшекерди жана тростник кантын алып келүүгө контракттын көчүрмөсү;  

– контракт боюнча төлөмдү же контракт боюнча товардын жүктөлгөндүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү;  

– кумшекердин Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;

– ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык формадагы алынып келүүчү кумшекерди жана тростник кантын максатка ылайык пайдалануу жөнүндө милдеттенме;

– документтерди ишенимдүү киши аркылуу берген учурда – ишеним каты, анын паспортунун көчүрмөсү.

 Кошумча маалымат үчүн министрликтин ЕАЭС иштери жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмүнө +996312623644, +996557557529 телефон аркылуу кайрылыңыз.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button