Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбековдун Талас облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбековдун Талас облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Талас облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү тууралуу маалымат.

2021-жылдын 4-июлунда, тан атпай жумушчу топ Талас шаарынын мал базарында болду.

Андан сон Кара-Куура районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин лабораториясы болушту.

Лаборатория 2017-жылдын 9-мартында пайдаланууга берилип, анда энтомологиялык, микологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык, нематологиялык, гербологиялык экспертизалар жүргүзүлөт. Сыртка импорттоло турчу жана сырттан экспорттолгон продукциялар, ошондой эле, Талас облусундагы айыл чарба продукцияларынын бардык турлору мына ушул лабораториядан текшеруудон өтөт. Лабораторияда заманбап диагностикалык ыкмада (ПЦР, ИФА) талдоочу адис катары квалификацияланган 3 кызматкер эмгектенет.

Андан сон Талас районундагы ички чарбалык каналына барышты.


Жердеги каналда фильтрлөөнү азайтуу үчүн каналга узундугу 3 км болгон түтүк тартуу керек. Орнотуу аяктагандан кийин өткөрүмдүүлүгү көбөйүп 800-900 литр суу болот.
Долбоор “Бакубат Талас” фондусунун эсебинен жүргүзүлөт, жумуш аяктагандан кийин КР МСРА оңдоо иштерине каражат издейт.


Экинчи объект Сарымсак каналынын курулушунун долбоору, анын узундугу 21,6 км. Каналды реконструкциялап, 6,3 кмге узартуу керек, андан кийин каналдын бардык узундугу 28 кмден ашат. Курулуш иштери 2009-жылдан бери жүрүп жатат. Оңдоо иштеринин биринчи этабы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлсө, экинчиси Ислам Өнүктүрүү Банкы бөлгөн насыяга жүргүзүлүп жатат.


“Мамабетжан-Ата” айыл чарба кооперативи Талас районундагы эң ийгиликтүү кооперативдердин бири. “Мамбетжан-Ата” айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 450 га, анын ичинен сугат жери-350 га, СФСУ-250 га.
Кооперативдин түптөлгөнүнө 15 жыл болду, үрөнчүлүк чарба болгонуна 6 жыл, асыл тукум чарбасы статусун ээ болгонуна 4 жыл өттү, ошентип Мамбетжан-Ата дыйкан чарбасы үч багытта иш алып барат.
Алар асыл тукум кой багышат жана көбөйтүшөт, 40 баш абердин – ангус уйлары бар. 550 гектар жерге буудай, арпа, пияз, болгар калемпири жана жүгөрү өстүрүлөт.


Быйыл 5 трактор, 2 буудай оруучу, 1 кызылча жыйноочу жана 1 жүгөрү жыйноочу айыл чарба шаймандары лизингге алынган.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button