![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/8.jpg)
2021-жылдын 29-30-июнь күндөрү Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ Баткен облусунун Баткен райондорунун айыл аймактарын 4 группага бөлүнүп, эл менен жеринде жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, пикир алышууда.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/88-1-1024x682.jpg)
Жумушчу топтун курамында министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана көз карандысыз эксперттер бар.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/82-1024x768.jpg)
Биринчи группа социалдык маселелер менен, экинчи группа инфраструктура боюнча, үчүнчү группа коопсуздук маселеси боюнча жана төртүнчү группа калыбына келтирүү жөнүндө иш алып барышты.
Жергиликтүү тургундар суу каналдары, чек-ара, сугат суу, таза суу, жол жана айыл чарба багытындагы кайра иштетүү өнөр жайларды куруу, техникаларды сатып алуу, ошондой эле социалдык маселелерди чечип берүүнү жумушчу топтон суранышты.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/83-1024x768.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/84-1024x768.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/85-1024x768.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/86-1024x768.jpg)
Жумушчу топтун мүчөлөрү Баткен облусун өнүктүрүү программасына облустун ар бир жаранынын сунуштары алымча, кошумча болоорун билдирди.
Жумушчу топтун мүчөлөрү эртең Кадамжай районунун айыл аймактарын кыдырмакчы.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/81-1024x682.jpg)