Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-2025-жылдарга карата органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жолдору жана азыркы абалы боюнча пресс-конференция өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2021-2025-жылдарга карата органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жолдору жана азыркы абалы боюнча пресс-конференция өттү

2021-жылдын 30-июнунда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарбасы департаменти органика тармагынын азыркы абалы жана 2021-2025-жж чейин өнүктүрүү жолдору боюнча пресс-конференция өткөрдү.

Анда, 2021-жылдын 25-февралы № 117 Премер-министрдин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чараларынын Планын аткарылышын камсыз кылуу максатында жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана органикалык айыл чарбасы менен алектенген фермерлердин дараметин жогорулатуу жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинде органикалык өндүрүштүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Техникалык комитет (мындан ары-ТК-35) түзүлүп, Кыргыз Республикасынын органикалык өндүрүшүнүн улуттук стандарты иштелип чыкты. «Органикалык өндүрүш. Өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча талаптары» улуттук стандарты 2021-жылдын 21-апрели Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун № 23-СТ буйругу менен кабыл алынды. Улуттук стандарттын даяр версиясы Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин сайтына жайгаштырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун 2021-жылдын 28-майындагы № 33-СТ буйругунун негизинде Россия Федерациясынын экологиялык стандарттары Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алынды.

Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү максаттары:

1) Кыргызстанды дүйнөлүк аренада экологиялык таза, органикалык продуктулардын өлкөсү катары көрсөтүү;

2) эл аралык деңгээлдеги жеткиликтүү сертификат алуу үчүн шарттарды түзүү;

3) органикалык чарбалардын жана органикалык аймактардын санын көбөйтүү;

4) ЖОЖдор менен бирдикте органикалык жана экологиялык айыл чарбасын башкаруу жана контролдоо боюнча адистерди даярдоо;

5) ички сертификаттоо тутумун иштеп чыгуу.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button