Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Сугат суунун жетишсиздиги бизден көз каранды эмес, бул табигый фактор – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Сугат суунун жетишсиздиги бизден көз каранды эмес, бул табигый фактор

Бүгүн, 15-июнда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин директору Алмаз Сокеев сугат суусунун жетишсиздиги тууралуу атайын пресс-тур уюштурду.

Кыргызгидромеддин божомолуна ылайык, суунун агып кириши 79% түзүшү керек болчу, бирок азыркы учурда суунун агып кириши болжол менен 60% ды түзөт. Мындан тышкары, департаменттин башчысы мөңгүлөрдүн эриши июнь айында башталаарын, бирок суукка байланыштуу процесстер токтоп калгандыгын белгиледи.

“Бул көрсөткүчтөр республикадагы аба ырайынын суук болгондуктан суунун агып кириши өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20% га азайды. Демек, сугат суунун жетишсиздигинин негизги себептеринин бири суук. Бул бизден көз каранды эмес, бул табигый фактор. Биз ага эч кандай таасир эте албайбыз. Учурда дарыялар жакынкы аралыкта толуп кетишин күтүп жатабыз Бүгүнкү күндө сугат суусунун тартыштыгын чечүү үчүн Агенттик суу өлчөө тутумун орнотууну пландаштырууда. Бул багыттагы иштер жүрүүдө”, – деп түшүндүрдү агенттиктин жектекчиси Алмазбек Сокеев.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button