Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам суунун көлөмү башка жылдарга салыштырмалуу үч эсеге аз – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам суунун көлөмү башка жылдарга салыштырмалуу үч эсеге аз

2021-жылдын 15-июнунда, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин орун басары Нурлан Шерипов жана министрликтин алдындагы Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин директору Алмазбек Сокеев жай айларындагы сугат суунун тартыштыгы боюнча атайын пресс-тур уюштурушту.

Иш сапардын жүрүшүн Аламүдүн суу сактагычынан башташты. Мамлекеттик суу чарба агенттигинин башчысы Алмазбек Сокеев “Аламүдүн суу сактагычында суунун агымы секундасына 2,4 куб метрди түзүүдө. Суунун агуу ылдамдыгы өткөн жылга салыштырмалуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 7-8 куб / сек төмөндөгөн. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу үч эсеге аз. Сугат суусунун тартыштыгын чечүү үчүн дарыяларда, каналдарда жана сугат арыктарында сууну эсептөө тутумун киргизүү керек” деп билдирди.

Кой-Таш айылынын дыйканы Темирлан Аманов суу тартыштыгында көйгөй жок экендигин айтты. Ал тоо этектеринде сугат суусунун тартыштыгы жок экендигин кошумчалап, суунун жетишсиздиги агымдын төмөн жагында катталып жатканын мисал келтирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button